

"Айыл Банк" ААК (мындан ары Айыл Банк) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Дүйнөлүк банктын каржылык жана техникалык колдоосу менен 1996-жылы "Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясы" (КАЧФК) түрүндө түзүлгөн. КАЧФКнын максаты жеке фермерлерге жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө туруктуу жана үзгүлтүксүз негизде кредиттерди берүү болгон. Айыл чарбасын каржылоодогу маанисин эске алып жана айыл калкына банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 27-декабрындагы № 43/1 токтому менен "Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясы" ААКнын базасында "Айыл Банк" ААК түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган.
«Айыл Банк» ААКсы – Кыргызстандын алдыңкы каржы институттарынын бири, эл аралык стандарттарга толук жооп берет, өсүш менен өнүгүүнү ишенимдүү көрсөтүп келет. Акыркы жылдары банк өз позициясын бир топ чыңдап, миллиондогон кардарлар үчүн ишенимдүү өнөктөш гана болбостон, өлкө экономикасын колдоодо маанилүү звено болуп калды.
Бүгүнкү күндө «Айыл Банк» республиканын бүткүл аймагын камтыган кеңири тармагы бар, динамикалуу өнүгүп жаткан универсалдуу банк болуп саналат.
Тейлөө түйүндөрүнүн активдүү кеңейиши өлкөнүн ар бир тургунуна, анын ичинде эң алыскы аймактарына да заманбап финансылык продуктыларга жана кызматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
«Айыл Банк» 29 жылдык ишмердүүлүгүндө айыл калкын кредиттөөдө олуттуу ийгиликтерге жетишти. Кирешенин туруктуу өсүшү жана кредиттик портфелдин көбөйүшү банктын Кыргызстандын алдыңкы универсалдуу банктарынын бири катары статусун тастыктайт.