Айыл Банк
Язык / Language
Банктык акча которуулары

Банктык акча которуулары

SWIFT акча которуулары

S.W.I.F.T. (толук аты "Бүткүл дүйнөлүк банктар аралык каржы телекоммуникациялары коому", "СВИФТ" деп айтылат) каржылык маалыматтарды эл аралык деңгээлде берүү системасын камсыздайт. Коомдун маанилүү функцияларынын бири – SWIFT акча которуу системасы аркылуу банктар арасында акча которууларды жүргүзүү.

SWIFT которуулары бул коомдоштукка кирген банктар арасында бүткүл дүйнө жүзү боюнча ишке ашырылат. Свифт системасы аркылуу ишканалардын, ЖКлардын жана жеке жактардын акча которуулары жүргүзүлөт. Которууну жол-жоболоштурууда алуучу банктын SWIFT кодун (СВИФТ кодун) билүү талап кылынат. 

Клиринг, Гросс

Клиринг (англ. clearing – тазалоо) – өлкөлөр, компаниялар, ишканалар ортосунда бири-бирине жеткирилген, сатылган товарлар, баалуу кагаздар жана көрсөтүлгөн кызматтар үчүн төлөм балансынын шарттарынан келип чыккан өз ара эсептешүү жолу менен жүргүзүлүүчү накталай эмес эсептешүүлөр.

Клирингдин бир нече түрү бар, жеке адамдар менен иштөөдө банктык клиринг колдонулат.

Банктык клиринг – бул эсептешүү палаталары аркылуу жүргүзүлүүчү жана бири-бирине болгон тең төлөмдөрдү өз ара эсепке алууга негизделген банктар аралык накталай эмес эсептешүүлөрдүн системасы.

Катардагы жаран үчүн клиринг кредитти төлөө, бир эсептен экинчи эсепке акча которуу жагынан кызыктуу болот. Клиринг банктык комиссияларды жана операциялык чыгымдарды кыйла үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Клиринг боюнча эсептешүүлөр, адатта, белгилүү бир күнгө (мисалы, отчеттук мезгилдин аягы же айдын биринчи күнү) карата жүргүзүлөт.

Дүң эсептешүү системасы. Дүң эсептешүүнүн клирингден айырмасы ылдамдыгы жана көлөмү боюнча, башкача айтканда, дүң эсептешүү акыркы эсептөөнү дароо жүргүзүү зарыл болгондо колдонулат. Төлөмдөр төмөнкү белгиленген артыкчылыктарга ылайык иштетилет:

  • улуттук банктын жана өкмөттүн төлөмдөрү;
  • чекене төлөм системаларынын катышуучуларынын акыркы таза позициялары боюнча эсептешүүлөр боюнча төлөмдөр;
  • финансы рынокторундагы бүтүмдөр менен байланышкан төлөмдөр;
  • катышуучулардын шашылыш төлөмдөрү.

Төлөм документтерин жана билдирүүлөрдү иштетүү көрсөтүлгөн иштетүү күнү гана жүргүзүлөт.

chatbot
AI Bank чат
AI
Привет! Чем могу помочь сегодня?