Айыл Банк
Язык / Language
Айлык акы долбоорлору

Айлык акы долбоорлору

ЭЛКАРТ

Айыл Банк өз кардарларына улуттук «ЭЛКАРТ» төлөм картасын колдонуу менен айлык акы долбоорун сунуштайт, ал көптөгөн ыңгайсыздыктардан арылууга жардам берет.

«Элкарт» картасын колдонуу менен сиз кызматкерлерге ар кандай төлөмдөрдү төлөөгө байланыштуу көптөгөн көйгөйлөрдөн арыласыз.

«Элкарт» - бул айлык акы алуу үчүн ишенимдүү жана ыңгайлуу курал.

«ЭЛКАРТ» төлөм картасынын артыкчылыктары:
  • айлык берүү менен байланышкан чыгымдарды кыскартуу (инкассация, берүү, сактоо, каражаттарды депозитке коюу);
  • кассирлерди кармоого чыгымдарды кыскартуу;
  • бухгалтерлердин жумуш убактысын үнөмдөө;
  • айлык берүүдө кезектин жоктугу;
  • кызматкердин айлыгынын өлчөмүнүн купуялуулугун сактоо;
  • эсептеги акча каражаттарына күнү-түнү кирүү мүмкүнчүлүгү;
  • айлыкты эми улуттук валюта гана эмес, чет өлкө валютасында да MasterCard картасынын эсептерине түшүрүүгө болот. Келечекте — Visa карталарына.

«Элкарт» картасы соода-тейлөө ишканаларында товарларды жана кызматтарды төлөө үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында накталай акча берүү пункттарынан жана банкоматтардан накталай акча алуу үчүн арналган. "Элкартты" тейлеген бардык жерлер "Элкарттын" логотиби түшүрүлгөн чаптамалар жана башка көрсөткүчтөр менен белгиленген (POS-терминалдардын жана банкоматтардын тизмеси).

Айлык акыга овердрафт

«Айыл Банк» ААКсы өз кардарларына акча каражаттарына болгон убактылуу муктаждыкты чечүүнүн заманбап, ыңгайлуу жана тез ыкмасын – ОВЕРДРАФТты сунуштайт.

Овердрафт – бул карыз алуучунун карт эсебиндеги акчасынан көбүрөөк сумманы сарптоого мүмкүндүк берген кредиттин бир түрү.

Овердрафттын артыкчылыктары:
  • салттуу насыялардан айырмаланып, овердрафт бир жолу түзүлөт, мында макулдашылган мөөнөткө кредиттик сызык ачылат;
  • күрөө талап кылынбайт;
  • банктын кредиттик ресурстарына туруктуу кирүү;
  • орнотулган овердрафт лимити колдонулган учурда гана пайыздарды эсептөө;
  • банктын карталык эсебине орточо айлык түшүүлөр көбөйгөндө овердрафт лимитин кайра кароо мүмкүнчүлүгү.
Овердрафт алуу шарттары:
  • овердрафт суммасы айлыктын 70%ун түзөт;
  • овердрафт үчүн пайыздык чен — айына жалаң 2%.

Арыз берүү

Маалыматыңызды калтырыңыз, биз консультация жана оптималдуу шарттарды тандоо үчүн сиз менен байланышабыз.

chatbot
AI Bank чат
AI
Привет! Чем могу помочь сегодня?