
«Айыл Банк» ААК Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы чыгарган аффинаждалган алтын куймаларын сатып алууну сунуштайт.
«Айыл Банкта» сатууда салмагы 1, 2, 5, 10, 31,1035 (трой унциясы) жана 100 грамм болгон куймалар бар.
Алтын куймаларга инвестиция салуу каражат салуунун эң ишенимдүү жана натыйжалуу жолу болуп саналат. Алтын куймаларга инвестиция салуу биринчи кезекте узак мөөнөттүү келечекте аманаттарды сактоого багытталган. Валюта рыногундагы туруксуздук учурунда инвесторлордун көпчүлүгү алтындын курсуна багыт алып, каражаттарын металлдардын туруктуу рыногуна салууну артык көрүшөт.
Ченелген куймалардағы баалуу металлдар – аларды эстеликке жана баалуу белекке колдонууга мүмкүнчүлүк.
Алтын куймасынын баасы анын салмагына жана Улуттук банктын сайтында көрсөтүлгөн сатуу учурундагы алтындын курсуна жараша болот www.nbkr.kg