"АБ24" мобилдик тиркемеси - бул мобилдик телефондун жардамы менен банк эсебиндеги акча каражаттарыңызды коопсуз, тез жана ыңгайлуу башкарууга мүмкүнчүлүк берген, күнү-түнү, аптасына 7 күн алыскыктан банк кызмат көрсөтүү платформасы.
"АБ24" менен кардарлар каалаган ыңгайлуу убакта банктын кеңселерин көрбөстөн тез жана ыңгайлуу финансылык кызматтарга кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Мүмкүнчүлүктөр:
- Бир эле учурда бир нече эсептерди системага туташтыруу – эсептөө жана депозиттик эсептер (анын ичинде аты жок металл эсептер);
- Төлөм карталары, акча каражаттарынын кыймылын көзөмөлдөө жана эсептердеги калдыктарды текшерүү;
- Талап боюнча эсептерди, көп валюталуу жана депозиттик эсептерди онлайн ачуу, кредит алуу боюнча өтүнүчтөрдү;
- «Айыл Банк» ААКнын кардарларынын ортосунда эсеп номери, карта же алуучунун телефон номуру боюнча акча которуулары;
- Кыргыз Республикасынын каалаган банкынын Элкарт карталарына акча которуулары;
- Өз эсептериңиздин жана карталарыңыздын ортосунда акча которуулары, депозиттик эсепти толтуруу;
- Улуттук валютада клиринг жана Гросс төлөмдөрү, өз эсебиңизден Кыргыз Республикасындагы каалаган коммерциялык Банктын эсебине;
- Юридикалык жактарга которуулар жана чет эл валютасында SWIFT системасы боюнча банкаралык которуулар;
- Кыргызстан жана Өзбекстан боюнча жеке жактар үчүн «Береке» системасы аркылуу акча которуулары;
- Орус банктарынын төлөм карталарын байланыштыруу;
- Валюта курсундары жана баалуу металдар жөнүндө маалымат;
- QR-коду боюнча төлөө, салык төлөмдөрү, мобилдик байланыш, коммуналдык төлөмдөр, интернет жана башкалар;
- Баланс абалы жөнүндө справка алуу, карталардын PIN-коддорун өзгөртүү, өз өнүмдөрүңүздүн лимиттерин өзгөртүү, операцияларды ырастоону орнотуу, карталарды кайра чыгаруу боюнча өтүнүчтөрдү;
- Онлайн-выписка алуу, интернет төлөмдөрдү иштетүү/өчүрүү, телефон номуру логини аркылуу авторизация, паспорттук маалыматтарды тиркемеде дароо жаңыртуу мүмкүнчүлүгү;
- Жакынкы тейлөө пункттарынын жана банкоматтардын жайгашкан жери жөнүндө маалымат;
- Тез жана ыңгайлуу төлөө үчүн төлөм шаблондорун (тандалмалар) түзүү;
- Биометриялык маалыматтар боюнча операцияларды ырастоо (бармак издери, FaceID). Ошондой эле, өз финансыңызды эсепке алуу мүмкүнчүлүгү бар – белгилүү максаттар боюнча чыгымдарды көзөмөлдөө жана башкалар.